Россия, Кытай, Италия, Чехия жана Бенин элчиси Кыргызстанда иш баштады
- 4 жыл мурун
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта, Россия элчиси Николай Удовиченкодон, Кытай элчиси Ду Дэвэнден, Италия— Паскуале Д’Авинодон, Чехия- Рудолф Гиклден жана Бенин элчиси Нукпо Клеман Кикиден Ишеним грамоталарды кабыл алды.
Мамлекет башчысы аларды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, иштерине чоң ийгиликтерди каалады.
Муну бөлүшүү