Элчи Чотонов Өзбекстандын президенти Мирзиёевге ишеним грамотасын тапшырды

  • 1 месяц мурун

Кечээ, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ишеним грамотасын тапшырды.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Өзбекстандын президенти Ш.М.Мирзиёев элчини Өзбекстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин, соода-экономикалык жана маданий тармактарда биргелешкен долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышын, транспорт жана инфраструктура жаатындагы маанилүү мамлекеттер аралык демилгелерин баса белгиледи.

Өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиялардын, региондор аралык форумдун жана Ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун мындан ары камсыз кылуунун маанилүүлүгүн билдирди.

Өз кезегинде элчи Чотонов Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгилеп, практикалык жыйынтыктарга жетүү үчүн Президенттин командасы менен активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Сүрөт: mfa.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты