​Оштун соттору 14 кг баңгизат менен кармалган чет өлкөлүккө мунапыс берген

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 11-мартта, соттордун съездинде президент Сооронбай Жээнбеков сот деген кызматка татыксыздарды мисал келтирип, сындады.

“Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм баңгизат менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген”деп билдирди.

Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

«Мындан сырткары, жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтардым. Ал өз убагында 27 килограмм героин жана 5 килограмм гашиш баңгизаттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого райондук сотко жөнөтүп салган” деп билдирди Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты