​Шайназаров: “Кыргыздын жети атасы эч качан эшек багып байыган эмес”

  • 5 лет мурун

Депутат Тынчтык Шайназаров парламентте 6-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылындагы эшек фермасына байланыштуу көйгөй тууралуу билдирди:

—Кара-Суудагы Мады айылы Курманжан датканын ордосу болгон. Мына ошондой ордолуу жерге шек келтирип, эшек фермасын уюштуруп жатышат.

Кыргыздын жети атасы эч убакта эшек сатып байыган эмес.

Мады айылындагы эшек фермасы боюнча 2018-жылы да кайрылгам.

Эшек багуу санитардык талаптарга каршы келип, коомдук жайларга ыаластыкты таратып жатат. Эшектин тарпы, үймөгү коомдук жайларды, төрөт үйүн, мектепти каптоодо.

Эшек ферманы жабуунун ордуна, Оштон дагы бир фермасын алып келип, кеңейтип жатышат, -деди Шайназаров.

Эшек да— жылкы тукуму

Ал эми депутатка жооп иретинде Ветеринария жана фитосанитария мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов жооп узатты:

—Эшек дагы жылкы тукумуна кирген жаныбар экен.

Ошол жылкы тукуму, эшек багуу боюнча ферма уюштурулган ферма жеке менчик болуп эсептелет.

Анын үстүнө эшектин териси баа болот экен.

Фермада санитардык талаптарды сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп, өткөн жылдагыга караганда оңолду, -деди Жумаканов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты