​Сауд Аравиядагы фестивалга катышуу үчүн 400 кыргызстандык учуп кетти

  • 6 лет мурун

Бүгүн эртең менен Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына катышуу үчүн 400 кыргызстандык учуп кеткенин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, иш-чаранын катышуучулары бүгүн түнкү саат үчтө эски аянттын жанында чогулуп, маданият министри Азамат Жаманкулов менен жолугушуу өткөргөн.

Жүргүнчүлөрдү аэропортко чейин ташуу үчүн жети автобус тартылып, аларды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштоп барган.

Фестивалга бара турчулар эки рейс менен кеткен. Эртең мененки 8:30да маданият жаатындагы 200 киши, ал эми жарым сааттан кийин спорт тармагындагы 200 адам учуп кеткен.

Эскерте кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып, 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген. Ал жактан «Көчмөндөр ааламы» деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, учурда ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулат. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты