Унаа аласалып, айдоочу каза тапты
- 6 лет мурун
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында 28-февралда саат 00:44 тө Калматаев көчөсүндө “Хонда Степ” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа аласалып кеткен.
Анын негизинде 1975-жылы туулган А. уулу У. каза болуп калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары айдоочунун сөөгүн машинадан чыгарып, медицина кызматкерлерине өткөрүп берген.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы
Муну бөлүшүү