​Бурулайдын өлүмү боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаардык соту 27-февралда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу жактоочу Есения Рамазанова билдирди.

Өткөн жылдын декабрь айында райондук сот айыпталуучу Марс Бөдөшевди Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн тартипте камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган.

Бурулай Турдаалы кызы былтыр 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Кызматтык териштирүүдөн кийин 4-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Сарчаев, анын эки орун басары Марлис Асанов менен Канат Жумаев, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Исмаилов кызматтан алынган.

ИИМ жалпысынан бул ишке байланыштуу 23 кызматкер жазаланып, алардын 13ү жумуштан алынганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты