​Өкмөт экспортко кетчү картошканы ташууга жеңилдик берди

  • 5 лет мурун

Өкмөт Кыргызстанда экспортко кетчү картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыз жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүгө 50 пайыз жеңилдик берди.

Андай буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим айыл чарба продукцияларынын экспортун илгерилетүү жана товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

“Кыргыз темир жолуна” жүк жөнөтүүчүлөргө 2019-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргызстан аймагы боюнча экспорттоого арналган картошканы темир жол менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыз жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүгө 50 пайыз жеңилдиктерди берүү сунушталган.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты