​Доогерлер “Апрель” телеканалы ЖМК мыйзамын бузду деп эсептейт

  • 5 лет мурун

Доо бергендердин өкүлү Динара Ашымова сотто “Апрель” телеканалы жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамды бузгандыгын билдирди.

“Апрель” телеканалына жана экс-президент Алмазбек Атамбаевге мурдагы депутат Акматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМК мурдагы башчысы Кенешбек Дүйшөбаевдин доосу боюнча Бишкектин Октябрь районунда сот отурумда доо бергендер “Апрель” телеканалы мыйзам бузду деп эсептейт.

Өкүлдүн айтуусу боюнча Акматбек Келдибековдун мамлекетке чыгым келтиргени же бюджеттин акчасын уурдагандыгы боюнча эч кандай документ жок.

Дүйшөбаевдин пирожки сурап жүргөнү же Шыкмаматовдун тамеки сураганы боюнча далил жок. Бир гана гезит материалдарына шилтеме беришет.

“Бирок бул далил болбойт. Андай маалыматтар чындыкка жатпайт” деди Ашымова.

Акматбек Келдибеков кайсы гана кызматта иштебесин, бюджеттен бир да тыйын кымырып албаганын айтты.

Эскерте кетсек, Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев “Апрель” телеканалына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин берген интервьюсу боюнча кадыр-баркына доо келтирди деп сотко берген. Моралдык чыгымды үч саясатчы үч миллиондон эки тарапка, жалпысынан 18 млн го баалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты