Жалал-Абадда жер титиреди
- 6 лет мурун
Жалал-Абал облусунда очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 24-февралда саат 07:14тө Жалал-Абад облусунун аймагында катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад шаарында 2 баллга, Сузак районунун Чеке-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү