Түрк башталгыч мектебинин директору жумуштан кетти

  • 5 лет мурун

Ирина Карамушкинанын “Бишкекте жайгашкан Түрк башталгыч мектебинин директору 9 жашар балага ыдык көргөздү” деген билдирүүсүнө байланыштуу Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирүү жасады.

—“Кээ бир массалык маалымат каражаттарында чыккан дооматтарга байланыштуу бул маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайдын мүдүрү жана орун басарлары кызматтарынан четтетилип, булардын ордуна жаңы убактылуу жетекчилик дайындалды.

Түркиядан келе турчу текшерүүчүлөр аркылуу зарыл болгон текшерүү иштери жүзөөгө ашырылат.

Мындан тышкары, бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүүдө, керектүү бардык маалыматтар, документтер берилүүдө жана көмөк көрсөтүлүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты