Бишкек шаарынын жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш иши козголду

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы (АКС) Бишкек шаарынын жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Алар чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарганы аныкталган.

2019-жылдын 8-февралында Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан үч судьясына жана Жогорку соттун мурунку бир судьясына карата Кылмыш-жаза кодексинин 319 — беренсинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмыш ишин козгогон. Иш УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тергөөгө жөнөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты