12 жылдык окуу системасына  өтүү боюнча парламенттик угуу өтөт

  • 2 года мурун

Мектептерде окутуунун 12 жылдык системасына өтүү боюнча “Ынтымак” фракциясы парламенттик угуу өткөрөт.

Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Ал маселени бардык тараптардын катышуусу менен талкуулоо керектигин айтты:

-Биздин өлкө ошол системага өтүүгө даярбы? Анын оң жана терс жактары кандай болот? Аймактарга барганда шайлоочулар бул маселени көтөрөт. Ошондуктан депутаттар, министрлер, ата-энелер жана мугалимдер менен талкуулашыбыз керек, -деди депутат.

Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев Кыргызстандын мектептери 12 жылдык окуу системасына өтөрү тууралуу сунушун билдирген. Бул дүйнөлүк стандартка ылайык келмек деген.

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты