Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу болбойт
- 1 неделя мурун
Борбор шаардын айрым жерлеринде 6-февралда саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Борбордун айрым жерлеринде суунун убактылуу токтотулушунун себеби “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы шаардын таза суу түтүктөрүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин пландап жаткандыгына байланыштуу экени белгиленди.
Сууну убакытлуу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
— Скрябин — Тыныстанов — Радищев — Панфилов — Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин — Л.Толстой жана Панфилов көчөлөрү.
«Бишкексууканал» муниципалдык мекемеси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан