Кыргызстанда мектептер 12 жылдык окуу системасына өтөт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда балдар 6 жаштан баштап милдеттүү түрдө 1-класска бара баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев өзүнүн Фейсбук баракчасында жазды.

Министр мындай өзгөрүү өлкөнүн билим берүү системасын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтыруу аракетине байланыштуу экенин түшүндүргөн. Ага ылайык, 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат.

Бул өзгөрүүлөр качан, кандай шартта ишке ашары тууралуу толугураак маалымат бериле элек.

Буга чейин министр мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысын сааттык негизде төлөө шарттарынан баш тартып, ставка боюнча төлөөгө өткөнүн айткан. Анын айтымында, педагогдордун эмгек акысын эсептөөнүн бул модели боюнча жогорку класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка 18 саатты, ал эми башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка – 16 саатты түзөт. Окуу жүктөмүнүн эң чоң көлөмү 27 саатты же 1,5 ставканы түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты