10-июндан тартып Ташкенттен Ысык-Көлгө автобус каттай баштайт

  • 2 месяца мурун

10-июндан тартып Ташкент – Чолпон-Ата багыты боюнча сезондук автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу Өзбекстандын транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган багыт боюнча жүргүнчүлөрдү Uzautotrans Service компаниясынын автобустары ташыйт.

«Каттамдар Yutong автобустары менен эки күндө бир аткарылып турат. Автобустар Ташкент автобекетинен жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө чыгат. Билеттин баасы 300 миң сум (2100 сом) деп белгиленди» деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Майдын ортосунда Өзбекстандын Транспорт министрлиги быйыл 10 жаңы эл аралык автобус каттамдарын ачуу пландалып жатканын билдирген. Алардын арасында Самарканд – Бишкек, Бухара – Бишкек, Бухара – Астана, Самарканд – Түркстан, Бухара –Түркстан, Шахрисaбз – Түркстан, Самарканд – Душанбе, Бухара – Душанбе, Ташкент – Уфа жана Ташкент – Краснодар каттамдары бар.

Быйыл февралда Кыргызстандын Tez Jet авиакомпаниясы Өзбекстанга туруктуу аба каттамдарын аткарууга уруксат алганы белгилүү болгон. Анда компания Ош – Ташкент – Ош жана Бишкек – Ташкент – Бишкек багыттары боюнча учууну пландап жатканы кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты