1-сентябрдан тартып мектептерде окутуу жаңы билим берүү стандарты боюнча жүргүзүлөт. Министрдин кайрылуусу
- 11 месяцев мурун
- Баяндар
- Бүгүн – билим майрамы. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашуун мектеп окуучулары окуп жатышат. Агартууу министри Догдургүл Кендирбаева билим күнүнө карата кайрылуу жасады.
«Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы – Билим күнү менен куттуктайм! Бул күн жөн гана сабактардын башталышын билдирбестен, Кыргызстандын билим берүү тарыхындагы жаңы баракты да билдирет. Бүгүн биз бүткүл билим берүү системасын жана анын негизги бөлүгүн масштабдуу трансформациялоонун башатында – 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн шарттарында биринчи окуу жылын тосуп жатабыз. Бул жыл өзгөчө – өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун жана өнүгүүгө умтулуунун жылы» деди агартуу министри Кендирбаева.
Министр билим берүү системасындагы реформалар тууралуу айтты:
«Ондогон жылдар бою Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгаруу жаатында бирдиктүү саясат, туруктуу каржылоо болгон эмес. Окуу китептери чачыранды түрдө – жылына бир-эки аталыштан, көбүнчө эл аралык долбоорлордун эсебинен жарык көрүп келген. Башталгыч, орто же жогорку мектеп үчүн окуу китептеринин топтому бизде эч качан болгон эмес. Бүгүн абал өзгөрдү. Өлкөбүздүн президентинин тапшырмасы менен биринчи жолу жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө басып чыгарууга 744 млн сом бөлүндү» деди министр.
-Биринчи жолу биз быйылкы жылдан тартып жаңыланган программалар жана жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча окуй турган 1-2 жана 5-7-класстар үчүн окуу китептеринин толук топтомдорун чыгарып жатабыз. 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери чыкты, математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептерин чыгаруу иши аяктап жатат. Үч жылдан кийин Кыргызстандын бардык окуучулары окуу китептери менен толук камсыз болушат.
Бул китептер – улуттук продукт. Алар “Окуу китеби” басма үйүндө даярдалып, “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында басылууда. Ар бир комплект окуу китебин, иш дептерин жана мугалим үчүн методикалык колдонмону камтыйт. Ар бир бала материалдарды ыңгайлуу колдоно алышы үчүн басылып чыккан китептер электрондук версиялары менен толукталат. Бул биздин ушундай масштабдагы алгачкы тажрыйбабыз, биз чынчылдык менен моюнга алабыз: кыйынчылыктар болот, бирок биз аларды тез арада жоюуга даярбыз.
Министр Кендирбаева негизги өзгөрүүлөрдү мындайча санап өттү:
- 1-сентябрдан тартып мектептерде окутуу жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча жүргүзүлөт.
- 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар жана программалар жаңыланды.
- Эгемендүүлүктүн тарыхында биринчи жолу өлкөнүн бардык мектептерине жаңы муундагы окуу китептери массалык түрдө жеткирилүүдө.
- Кыска мөөнөттө масштабдуу даярдыктар көрүлдү: он миңдеген педагогдор жаңы шарттарда ишенимдүү иштөө үчүн тренингдерден жана семинарлардан өтүштү.
- Мугалимдерге методикалык санариптик колдоо көрсөтүлүп, алардын арасында 27 миңден ашуун “Алтын Казык” ноутбуктары бөлүштүрүлдү, дагы ушунча ноутбук башка мугалимдерге жыл ичинде берилет.
- Мугалимдерге жана ата-энелерге окутуу процессин жакшыраак көзөмөлдөөгө жардам бере турган электрондук күндөлүктөр жана санариптик платформалар түзүлдү.
- Өлкө боюнча мектептерди оңдоо жана куруу боюнча чоң иш жүргүзүлдү, окуу жылынын башталышына карата 63 жаңы мектеп жана 19 бала бакча пайдаланууга берилди, бул темп сакталат, дагы бир катар мектептер курулууда, мунун баары балдар коопсуз жана жагымдуу шарттарда окушу үчүн жасалууда.
Мектептердин дагы, жеке менчик мектептердин дагы ата-энелери “Электрондук күндөлүккө” жана санариптик окуу китептерине бирдей жете алышат. Биздин күч-аракеттерибиз ар бир бала сапаттуу – үй-бүлө үчүн акысыз жана ашыкча чыгымдарсыз билим алышына багытталган.
Ошондой эле алдыдагы чечиле турган маселелерди да белгиледи:
Бүгүн алдыбызда дагы бир маанилүү милдет – жаңы мектептерди куруу милдети турат. Демографиялык өсүш жана ички миграция баш калаанын мектептеринин жана облустук мектептердин ашыкча жүктөлүшүнө алып келди. Соңку жылдары активдүү курулуш башталганы үчүн Министрлер Кабинетине ыраазычылык билдиребиз, бирок айрыкча Бишкек, Ош, Жалал-Абад тез чечимдерге муктаж болуп турганын өзгөчө баса белгилеп кетким келет.
Агартуу министрлиги мэрияны жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин жаңы турак-жай комплекстерин куруп жатканда мектептер менен бала бакчалардын курулушун камтый кетүүгө чакырат. Жаңы имараттарды курууга мүмкүн болбогон жерлерде иштеп жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруу керек. Ушинтип гана биз ашыкча толгон класстардын көйгөйүнөн качып кутула алабыз.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашуун мектеп окуучулары окуп жатышат.




