1-июлдан тартып күч органдарынын офицердик курамынын айлык акысы 35%га көтөрүлөт

  • 1 месяц мурун

2025-жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 % (пайызга) көбөйтүлөт, ал эми контракттык кызматтагы аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көбөйтүлөрү пландалууда.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Ала-Тоо аянтында белгиленген Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

“Ушул жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 % (пайызга) көбөйтүлөт, ал эми контракттык кызматтагы аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көбөйтүлөрү пландалууда. Аскерлердин жана укук коргоо органдарыбыздын кызматкерлеринин үй-бүлөсү коомубузда өзүн ишенимдүү жана татыктуу сезиши үчүн алардын айлык маяналары үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап дагы көтөрүлдү, убактылуу турак жайды жалдагандыгы үчүн акчалай компенсациянын көлөмү да жогорулатылды” деди Садыр Жапаров.

Сүрөт: Коргоо министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты