​Facebook, Instagram жана WhatsApp бир нече саат иштебей калды

  • 3 года мурун

Facebook корпорациясына таандык Facebook, Instagram социалдык тармактары жана WhatsApp мессенджери 4-октябрь күнү түштөн кийин дүйнө жүзү боюнча олуттуу үзгүлтүккө учурады.

Соцтармактар жана мессенжердин иштебей калганын дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде АКШ, Батыш Европа жана Орусиядагы колдонуучулар кабарлашты. Down Detector порталындагы маалыматка караганда, ондогон миллион колдонуучулар үчүн соцтармактар менен мессенжер беш саатка жеткиликсиз болуп турду.

The Independent басылмасынын журналисти Брайан Кребс: “Бир катар көрсөтмөлөргө ылайык, DNS, домендик аталыштар системасында көйгөйлөр болгон. Колдонуучуларга Facebook.com же Instagram.comду кантип табууну айтып турган DNS жазуулары бүгүн эртең менен глобалдык маршруттардан өчүрүлдү”, — деп жазды.

Reuters суроо салган эксперттердин пикиринде, көйгөйгө техникалык мүчүлүштүк менен катар адамдык фактор, аны менен катар атайлап жасалган саботаж себеп болушу мүмкүн.

Соцтармактардын жана мессенжерлердин ишинде глобалдык көйгөй жаралганда АКШ биржаларындагы негизги индекстер түшүп кеткени айтылууда. Маселен, NASDAQ индекси эки пайыздан төмөн түшүп кеткен. Facebook корпорациясынын акциялары беш пайызга арзандаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты