Бишкектин айрым жерлеринде 16-июнда суу берүүдө убактылуу үзгүлтүк болушу мүмкүн

  • 4 недели мурун

Бишкекте 16-июнда саат 10:00дөн 13:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Өчүрүү аймагы:- Ала-Арча суусу — темир жол линиясы – Жибек-Жолу проспекти – Ж.Гвардия бульвары;
-Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспекти;
-Дэн Сяопин проспекти – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Пишпек көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.

Өчүрүү “Батыш-2” суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкек су уканал» мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты