Олимпиададан байге алгандарга “Манас” ордени тапшырылды

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды. Ал эми кыз-келиндер арасында күрөш боюнча коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени жана жети миллион сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Мындан сырткары, Toyota RAV 4 унаа белекке берилди.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова Президенттин колдоосуна ыраазычылык берилип, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышарын билдирди.

Азыркы тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президенттин Олимпиадага катышкан улуттук курама командасын сыйлоо аземи өтүп жатат.

Эске салсак, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаьл алып, байгелүү орунду ээлеген.

Ошондой эле, Кыргызстандын курама командасынын Олимпиада оюндарындагы жогорку жетишкендиктерине кошкон маанилүү салымдары үчүн мамлекеттик сыйлыктар жана акчалай премиялар берилип, Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын бардык мүчөлөрүнө, машыктыруучулар, дарыгерлер жана спорттун бардык түрлөрү боюнча Федерацияларга ыраазычылык билдирилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты