Кыргызстан памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр

  • 3 года мурун

Кыргызстан Ооганстандагы памирлик 1200 кыргызды кабыл ала алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова «Азаттыкка» маалымдады.

Анын айтымында, ооган кыргыздары чек арага чейин өздөрү келиши керек. Учурда Кыргызстанда буга чейин келген Ооганстандын 73 жаранына качкын макамы берилген. Мындан сырткары 67 жарандын арызы каралып жатат.

Ооганстандын Вахан коридорундагы Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн кыргыздар байырлашат. 2003-жылы алардын саны 5 миңдей болсо, азыр 1,5-2 миңдин тегерегинде экени кабарланып келет.

Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына мүчө мамлекет.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Талибдердин аракети ошондон тартып күчөп, анын аягы Кабулду алуу менен аяктады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты