Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон турист кызды издөөгө 100дөй милиция тартылды
- 3 года мурун
Беш күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Казакстандын жараны, 29 жаштагы туристти издөөгө Ак-Суу районунун Ички иштер башкармалыгынын 100дөн ашык кызматкерлери жана ӨКМдин аймактык башкармалыктарынын куткаруучулары тартылды.
Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иштери үч багытта жүргүзүлүүдө: дарыя жээктеринде, токой тилкесинде жана тоолуу аймакта. Баш аягы 20 чакырымдан ашык аянтта издөө жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, 15-июль күнү саат 20:30 чамасында 1992-жылы туулган кызы К.В. үй-бүлөсү менен Ала-Көл жайлоосунда эс алып жүргөндө дайынсыз жоголгон.
Билдирүүгө түшөөр замат, окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу жөнөгөн.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү