​Сел агызып кеткен беш жаштагы бала дагы деле изделүүдө

  • 3 года мурун

Аксы районунда сел алып кеткен беш жашар баланы издөө иштери улантылууда.


12-июлда Аксыдагы Мал-Калды жайлоосунда сел жүрүп, сегиз тургунду агызып кеткен. Алардын арасындагы Таштак айылынын 2016-жылы туулган тургуну табыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баланы издөө иштерине 58 куткаруучу тартылганын билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун атынан жана Министрлер кабинетинин төрагасынын фондунан бир үй-бүлөдөн алты адам каза болгон үйдүн ээсине 1,3 млн. сом, ошондой эле жакындары кайтыш болгон дагы эки үй-бүлөгө 150 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Фото: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты