​“Талибан” Борбордук Азиянын босогосуна келди. Кыргызстан үчүн чочулоого негиз барбы?

Жаңылыктар

Афганистандагы кырдаал акыркы күндөрү эл аралык коомчулуктун тынчын алууда. Ал жактагы “Талибан” террористик кыймылынын күч алышы Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде кооптуу?

Ушул жылдын май айынан бери АКШ жана НАТО Афганистандагы аскерлерин чыгара баштады. Президент Жо Байден АКШдагы терракттардын 20 жылдыгына карата, 11-сентябрга чейин АКШ аскерлери ал жактан толук чыгып кетээрин билдирген.


АКШ аскерлеринин Афганистандан чыга башташы “Талибан” террористтик кыймылынын активдүүлүгүн күчөттү.

БУУнун Афганистандагы атайын өкүлү Дебора Лайонс акыркы 1,5 айдын ичинде талибдер Афганистандагы 370 райондун 50сүн басып алганын билдирди. Бул “Талибан” кыймылынын акыркы жеңиши эместей. Учурда бул өлкөдөгү 34 провинциянын (облус) 26сында талибдер менен өкмөттүк аскерлердин айыгышкан салгылашуусу жүрүүдө.

Борбордук Азия аймагы, анын ичинде Кыргызстан үчүн да чоң тынчсызданууну жараткан окуя 21-июнь күнү болду.

“Талибан” жоочулары Афганистандын Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясындагы Шерхон Бандар чек ара бекетин басып алышты. Тажикстанды Иран, Пакистан менен байланыштырып турган стратегиялык жол бүгүн талибдердин көзөмөлүнө өттү.

Тажик эксперттери эмне дейт?

Афганистан боюнча тажикстандык эксперт Рахматилло Абдуллоев avesta.tj маалымат агенттигине маек берип:

“Тажикстанга анчалык деле чочулоонун кереги жок. Ал жакта кырдаал өтө тездик менен өзгөрүлүүдө. Талибдердин мындай жеңиштүү жүрүшү убактылуу эле көрүнүш болсо керек. Анын үстүнө тышкы коркунучтардан, өзгөчө Афганистан тараптан келүүчү коркунучтарды алдын алуу үчүн түзүлгөн ЖККУга Тажикстандын мүө экендиги талибдердин андан ары жылам деген жаман оюн ооздуктоочу фактор болуп берет”, - деген.

Тажикстан үчүн талибдер анчалык деле коркунучтуу эмес экенин айткан дагы бир тажик саясат талдоочу-эксперти Умед Жайхони:

"Тажикстандын куралдуу күчтөрү менен “Талибандын” ортосунда эч кандай кагылышуу болбойт, анткени талибдер Тажикстандын мамлекеттик көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирбейт. Ошентсе дагы чек араны ишенимдүү кайтарып, алардын чек арадан өтүү аракеттерин токтотууга даяр болушубуз керек. Тажик-кыргыз чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышты эске алсак, Тажикстан согушка жарамдуу куралдуу күчтөргө ээ.“Талибан” кыймылынын айткандарына караганда, алар бүтүндөй Афганистан аймагын каратып, өздөрүнүн ислам эмиратын калыбына келтирүүнү көздөшүүдө. Алар менен чогуу чаран жашоо боюнча Тажикстандын тажрыйбасы бар. Анын үстүнө тажиктер экиге бөлүнүп, жарым элибиз Афганистандын түндүгүн байырлашат. Афган тажиктери биздин кандаш бир туугандарыбыз”, - деген оюн айткан.

Сергей Шойгу: “Экстремизм коңшу мамлекеттерге жайылышы мүмкүн”

Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө террористтик уюм деп таанылган “Талибан” кыймылынын таасири Борбордук Азиянын босогосуна жетип калганына Россия да тынчсызданууда.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясында:

Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн шашылыш чечимдер жана эл аралык кызматташтык талап кылынат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында, ошондой эле жаңы шарттарда уюмдун мүчөлөрүнүн коргонуу жөндөмүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон чаралар көрүлөт", - деди.

Ошондой эле орус министри НАТО күчтөрүнүн Афганистандан чыгышы- ал жактагы жарандык согуш отун кайрадан тутантып, массалык миграция, экстремизмдин коңшу мамлекеттерге жайылышы сыяктуу бардык терс кесепеттери менен коштолушу толук мүмкүн экенин айтты.

Талибдердин тажик чек арасына жакындашы – Кыргызстан аркылуу баңги транзитин күчөтөт

“Талибан” кыймылынын акыркы жүрүштөрү Кыргызстанга кандай коркунучтарды алып келиши мүмкүн?

Талибдердин Тажикстанга түз жол ачышы баңги транизитинин күчөшүнө алып келээрин айткан аскердик эксперт Токтогул Какчекеев:

Кыргызстанда талибдердин андай деле олуттуу кызыкчылыгы жок. Тажикстандын чек арасына жетип калса эле, бизге басып кирет деп чочулай бериштин да кереги жок. Афганистандын расмий бийлиги, өкмөттүк аскерлери дагы деле күрөш жүргүзүп жатышат.

Дүйнөлүк саясатта цивилизациядан кеп салып, канчалык төш какпагын, ким бийликке келип, ким желекти көтөрсө, ошолор менен кызматташтык улана берет.

Талибдердин күч алышынан Кыргызстанга кандай коркунуч болушу мүмкүн? Жалгыз коркунуч Кыргызстан аймагын баңги транзити катары пайдаланууга аракеттер мындан дагы катуу күчөйт. Талибдер өкмөттүк аскерлерге каршы күрөштө курал-жарак сатып алуу үчүн баңги соодасын көбөйтүшөт. Ошондуктан Кыргызстан ич ара ыйкы-тыйкыларды жыйыштырып, көзүбүздү ачып, ички жана тышкы саясатыбызды өтө кылдаттык менен уюштуруп, коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Чек аралардагы делимитация жана демаркация иштерин тезинен бүткөрүү зарыл”, – деди.

Чынында Кыргызстан коопсуздук маселесине олуттуу көңүл буруусу керек экенине кыргыз-тажик куралдуу кагылышында күбө болдук. Талибдердин тажик чек арасына жол ачып алганы - афган баңги транзитинин мындан ары күчөшүнө алып келээри турган иш. Май айынын башындагы кыргыз-тажик жаңжалы дал ушул баңги соодасынан улам тутанганын Баткен облусунун ошол убактагы башчысы, генерал Өмүрбек Суваналиев “Азаттыкка” берген маегинде да ачык эле айткан.

Афганистан дүйнөлүк геосаясаттын курмандагы болуп келгенин айткан саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов “Талибан” кыймылы бийликте турган кезде баңги соодасы тескерсинче азайганын белгиледи.

“Афганистанды бир катар мамлекеттер өздөрүнүн геосаясий кызыкчылыгына пайдаланып келишти. “Талибан” кыймылынан жергиликтүү карапайым афган эли анчалык деле чочулабайт. Анткени алардын тушунда түшүнүктүү эрежелер, кандайдыр бир деңгээлде тартип өкүм сүрүп келген. Талибдерди негизинен араб өлкөлөрү колдоп, каржылап келгени маалым. Баңги соодасына да булар анчалык аралашкан эмес. "Талибан" кыймылы бийликте турган кезде дүйнөлүк баңги соодасынын 3 гана пайызы Афганистанга туура келген. Кыргызстанга чейин басып келет деген түшүнүк да туура эмес. Алар Афганистандын ичинде өз бийлигин орнотууга аракет кылышууда. Анын үстүнө 1999-2000-жылдары Кыргызстанга кол салган боевиктер, алар талибандар эмес болчу. Алар эл аралык террористтик уюмдардын өкүлдөрү, аларга ыктаган ошол эле өзбек, тажик, арасында кыргыз, казагы да аралашкан экстремисттер болгон. Мына ушулардан чочулашыбыз керек. Сирияга кеткен, ар кандай жолдор менен келип алган, бүтүндөй КМШны аралап жүргөн эл аралык экстремисттик топтор чынында кооптонууну жаратат”, - деди.

Эрнис Балбаков