​Бүгүн 80 миң доза “Sputnik V” вакцинасы келди

  • 3 года мурун

Коронавирус илдетине каршы колдонулуучу “Sputnik V” вакцинасынын 80 миң дозасы Кыргызстанга алынып келинди.


Россиядан сатып алынган бул дарыларды “Манас” аэропортунан Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Буга чейин эки бөлүк менен апрель, май айларында 40 миң доза вакцина келген. Алгачкы партиясын улгайган адамдарга жана өнөкөт оорусу барларга сайылган.

Россия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын орус президенти Владимир Путин 24 — майда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен жолукканда билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты