​Бажы кызматынын жаңы башчысы дайындалды

  • 3 года мурун

Бажы кызматынын полковниги Исабеков Самат Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.


Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 2021-жылдын 7-июнунда кол койгон.

1996-жылдан бери бажы тармагында иштеп келген Самат Исабековду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жамаатка тааныштырды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты