Аталаш туугандар А. Суракматов менен Ж. Кудайбергенов биргеликте коррупциялык иштерге барышкан

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов аталаш тууганы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергенов менен бирге Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө аянты 15 гектар кымбат баалуу жер тилкесин мыйзамсыз алгандыгын аныктады.


Прокуратуранын маалыматы боюнча, ошондой эле алар жеке менчикке узак мөөнөттүк ижарага борбордун түштүк жана башка аймактарынан жер тилкелерин алышкан.

Жер тилкелеринин көпчүлүгү курулуш компанияларына кымбат баада сатылса, калгандарына кафе, ресто-бар жана көп кабаттуу үйлөрдү курушкан. Кийин жер тилкелери сатылып же башка адамдарга ижарага берилген.

«Бул аракеттерден улам, А.Суракматов жана Ж.Кудайбергенов жана алардын жакындарынын байлыгы бир нече эсе көбөйүп, миллиондогон долларлык мүлктүн ээси болушкан», — деп билдирди прокуратура.

Ушуга байланыштуу, Башкы прокуратура тарабынан А.Суракматов, Ж.Кудайбергенов жана башка жооптуу кызмат адамдарына карата коррупция жана мыйзамсыз баюу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты