​Кайсы Президенттин тушунда канча тонна алтын сыртка чыгарылганы айтылды

  • 3 года мурун

Кыргызстандын 4 Президенти тең «Кумтөр» боюнча ишти аягына чыгара албай, элдин кызыкчылыгына иштете албай кете бергенин парламентте Акылбек Жапаров айтты.


Ал кайсы Президенттин тушунда канча тонна алтын тышка чыгарылып кеткенин да санап берди.

Акаевдин тушунда — 156 тонна, Бакиевдин убагында — 68,2 тонна, Атамбаевдин тушунда — 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында — 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткенин айткан Акылбек Жапаров:

«Бардык Президенттердин тушунда ар кандай комиссиялар түзүлүп, бирок олуттуу чечимдер кабыл алынган эмес. Комиссия түзбөгөн жалгыз президент – Роза Отунбаева болуптур. Бирок, ал деле Убактылуу өкмөттүн бир декретин аябай, «Кумтөрдү» улутташтырып салса болмок», — дейт.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты