​Мелис Аспеков УКМКда эмес, сотко бара жатканда сабалган

  • 3 года мурун

«Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен УКМКнын абагында жаткан жарандык активист Мелис Аспеков Антикоррупциялык кызматтын башчысынын буйругу менен сабалганын 13 — майда билдирген.


Бүгүн УКМКнын маалымат кызматы Аспековдун айткандарын төгүндөдү.

«Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөр Мелис Аспеков жаракат алган 2021-жылдын март айынын башында тартылганы такталды. Айыпталуучунун өзүнүн айтымында, ал гематоманы 4-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна бара жатканда алган.

Ал денесине келтирилген жаракаттын пайда болушунун себебин айтуудан баш тарткан жана УКМКнын СИЗОсунун кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин айткан. Бул 11-мартта түзүлгөн акт менен тастыкталган. УКМК Мелис Аспековдун аракетин коомчулукту адаштыруу аракети деп эсептейт. Атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилиги каралган», — деп жазылган УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты