​Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты

  • 3 года мурун

13 – май күнү Баткен облусунда кезектеги чек арада чыры орун алды.

Өзбекстандын Сох анклавынын тургандарына таандык мал кыргыздардын Сай айылына кирип кеткен. Аталган айылдын 50 жаштагы тургуну өзбекстандыктарды малын өз жагына айдап кетүүсүн талап кылганда, сохтук 5-6 адам келип, 5 кыргызды сабап салышкан.

Окуядан кийин 50-60тай адам чогулганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, күч структуралары келип, элди сабырдуулукка чакырган. Өзбек тарап кечирим сураган.

Түштөн кийин Сай айылынын тургандары Айдаркен шаардык мэриясынын алдына чогулуп, эки өлкө ортосундагы чек араны тезирээк тактап берүүнү талап кылышты.

Фото «Турмуш» сайтынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты