​»Бир дүйнө Кыргызстан»: Кыргызстандын тынч жарандарына аскердик кылмыш жасалган

  • 3 года мурун

Кыргызстандын тынч жарандарына каршы аскер кылмышынын фактыларын документтештирүү үчүн Баткен облусуна барышкан «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо борборунун эксперттик тобу 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткандар боюнча кортундусун чыгарды.


29-апрель күнү тажик куралдуу күчтөрү тарабынан барымтага алынып, 2 сутка катуу кыйноолорго тушуккан 10 кыргызстандыкка психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, тажик аскерлеринин кыргыз айылдарына болгон куралдуу кол салуусу учурунда жаракат алган аялдар жана балдар жөнүндө материалдар топтолгон.

Бардык расмий документтер жана тажик куралдуу күчтөрүнүн аскердик кылмыштары боюнча фактылар кылмыш ишине кошуу үчүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жана Акыйкатчы Токон Мамытовго өткөрүлүп берилди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты