Кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу Улукбек Өмүрзаковдун кылмыш иши токтотулду

  • 3 года мурун

2020-жылдын ноябрь айында Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков Ош шаарында кармалып, камакка алынган.


Ал «Жолчырак» көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурушу мүмкүн деп шектелген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, Ош облустук көзөмөл органынын кызматкери Улукбек Өмүрзаковдун аракетинен кылмыштын курамы табылбаганын УКМК билдирди.

Садыр Жапаров бийликке жаны келгенде Кыргызстандын түштүгүн кыдырып, эл менен жолуккан. Ал жолугушууда жергиликтүү тургун Өмүрзаковдордун үй-бүлөлүк кланы бүтүндөй түштүк борборду басып алганын айткан.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын январь айында УКМК тараткан маалымат боюнча Улукбек Өмүрзаковдун рейдерлик боюнча күнөөсү далилденип, мамлекеттин эсебине 20 миллион сом чыгымды кайтарып берген сон, үй камагына чыгарылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты