Президенттик Администрация түзүлдү

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде
Президент менен Өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлдү.


Ошондой эле, Мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Сатыев Медербек Асанбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан
бошотулду;

— Зулпиев Бектур Рысбаевич — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан
бошотулду;

— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты