​Кыргыз-тажик жаңжалынан жаракат алгандарга мамлекет 30 миңден 100 миң сомго чейин компенсация төлөйт

  • 3 года мурун

Кыргыз – тажик жаңжалында кайтыш болгондорго жана жараат алгандарга мамлекет тарабынан төлөнүп берилүүчү компенсациянын суммасы айтылды.


Каза болгон ар бир жарандын жакындарына 1 миллион сом берилээрин Президент Садыр Жапаров 6-май күнү Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда айткан.

Бүгүн7 — майда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бир жолку төлөнүүчү компенсация тууралуу долбоорду коомдук талкууга койду.

Ага ылайык соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен оор жараат алды дегендер 100 миң сом, орто жараат алгандарга 50 миң сом жана жарааты жеңилдерге 30 миң сомдон төлөнөт.

Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн кол салуусунан Кыргызстандын 36 жараны кайтыш болгон, анын ичинен 3өө аскер кызматкерлери, 2өө наристелер. Ар кандай жаракат алгандардын саны 190го жеткен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты