Тургун: Баткенде протокол боюнча суроо бергендерди Садыр Жапаров «провокатор» деди

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 6-май күнү Баткен облусуна иш сапары менен барган. Анан алкагында куралдуу кагылышууда жабыркаган айылдардын тургундары менен жолуккан.

Кулунду айылынын тургуну Садыр Саматов, протокол тууралуу суроосуна Садыр Жапаров аны провокатор дегенин билдирди:

«Бүгүн Кулунду да ушул боюнча (протокол ) суроо бердик. Садыр Жапаров «провокатор» десе, Камчыбек Ташиев «тарбия көрбөптүрсүн» деп тилдеди.

Өкүнүчтүүсү элдин бир бөлүгү, аксакалдар урушуп, «бир байкелер» сөккөн боюнча жулкуп, четке чыгарып койду. Ал арада элдин ичинен чыгып, аксакалдардан да тийбегиле туура айтты деп, алып кетип жаткан органдардын колунан бербей алып калды», — дейт ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты