​Адилет укуктук клиникасы:«Конституциянын ченемдик укуктук акт болбой калышы – абсурд!»

  • 3 года мурун

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова Президент Садыр Жапаровго кайрылып, «өлкөбүздүн мыйзамдарын масштабдуу инвентаризация жасоо менен Президенттик аппараттын кызматкерлери коомдун кескин сынын жараткан өтө опурталдуу ыкманы колдонуп жатышат», — деди.


«Гильотина» принциби же мыйзамдарды масштабдуу түрдө өзгөртүү, жокко чыгаруу ыкмасын колдонуп жаткан бийлик өкүлдөрүн кескин сынга алган Чолпон Жакупова:

«Кыргызстандыктардын жашоосунун дээрлик бардык чөйрөлөрүн жөнгө салган 400дөй мыйзамды жараксыз деп табууну сунуштап жатышат. Ошол эле учурда жүздөгөн маанилүү мыйзамдардын да жокко чыгуу ыктымалдыгы жогору бойдон калууда. Мындайга укуктук мамлекетте таптакыр жол берилбеши керек», — деди.

Ошондой эле 15-апрелде Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы чийки экени айтылды.

Бул документти даярдоого өкмөттө эки айга жакын убакыт болгонуна карабастан, мыйзам долбоорунда бир топ олуттуу кемчиликтер орун алган.

Мисалы, Конституция мындан ары ченемдик укуктук акт болбой калаары Чолпон Жакупованын айтымында таптакыр абсурд. Мыйзамдардын сапатына жооп берген башкы мамлекеттик орган болгон Юстиция министрлиги мындай олуттуу кемчиликтерге жол берип жаткандан кийин, 400 мыйзамды бир эле мезгилде жокко чыгаруунун кесепеттерине коомчулук чындап тынчсызданууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты