Дагы бир кызды уурдап кетишти

  • 3 года мурун

Чүй облусунун Лебединовка айылындагы «Шекер» дүкөнүнүн жанынан 26 жаштагы Илзат Курбанова аттуу кызды уурдап кетишти.


Укук коргоо органдарына тийиштүү арыз менен уурдалган кыздын бир тууганы кайрылган.

Дүкөндүн видео көзөмөл камераларына түшүп калган тасмада белгисиз эки эркек кызды күчкө салып, «Тойота камри» унаасы менен алып кетишкен.

Аламүдүн РИИБи бул маалыматты тастыктап, кыз 5-май күнү, түнкү саат 11де уурдалганын, кылмышка шектүү адамдын өздүгү такталып, милиция кызматкерлери жашаган жерине кеткенин айтты.

Ушул жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында дал ушундай эле окуя орун алып, 26 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап кетишкен. Милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилесинен улам, 3 күндөн кийин кыздын өлүгү гана табылган.

Фото 24.kg интернеттен булагынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты