​Улукбек Марипов: “Головнойго” менчелик күйгөн киши жок”

Премьер-министр Улукбек Марипов Бактен облусуна барып, жергиликтүү эл менен болгон жолугушуусунда “Головной” суу топтоочу жайы боюнча парламентте айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.


“Мени канча сындасанар да макулмун, сындай бергиле. Бирок мен күйгөнүмдөн чындыкты айттым. “Головнойго” менчелик күйгөн эч ким жок. Аны тажиктерге эч качан бербейбиз” деди.

Улукбек Марипов суу бөлүштүрүүчү жайдын жогору жагындагы Кайырма каналы тууралуу айтканын кошумчалап, 1992-жылдагы Алма-Ата келишими боюнча ал каналдын башындагы 3 метр куб, суу кийин 23 метр кубга чейин көбөйүп калганын айтты.

Ушул жылдын февраль айында парламент Улукбек Мариповду премьер-министрлик кызматка бекитип жатканда, ал каналдын башын тажиктерге алдырганыбызды айтып, коомчулуктун катуу сынынына кабылган.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты