​Айжан Чыныбаева: «Кудайбергеновдун мэрлиги нерв системамды талкалады»

Жаңылыктар

Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева мэр Бактыбек Кудайбергеновдун жүргүзүп жактан саясаты менен макул эместигин билдирип, кызматтан кеткенин жар салды.


«Бактыбек Кудайбергеновдун 3 айлык мэрлиги тушунда менин нерв системам талкаланды. Бирөө сага кыйкырып жаткан шартта мен иштей албайм. Мэриянын баары кызматтан кетирип жибереби деп жыйналыштан коркуп калышты. Мындай болбошу керек» - деген билдирүүсүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган.


Айжан Чыныбаеванын бул билдирүүсүн шаардык мэриянын маалымат кызматы «эмоциялардын учкуну» катары баалап, анын мындай кылыгы мэриядагылардын көнүлүн калтырганын жарыялады.


Фото интернеттен алынды