Кыргыз — тажик жаңжалы 29 мугалимди үйсүз калтырды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 3- майдагы маалымат жыйында кыргыз-тажик чек ара чатагында Баткен облусунда канча мектеп жабыркап, канча мугалим турак жайынан айрылганын айтып берди.


Надира Жусупбекова «Кыргыз-тажик жанжалы учурунда бир катар мектеп жана мектепке чейинки мекмелер жабыркаган.

Алар: Ак-Сай айылы — Б. Хожаев мектеби, Орто-Боз айылы — Момунов мектеби, Кызыл-Бел айылы — А. Масалиев мектеби, Көк-Таш айылы — «Учкун» балдар бакчасы, Максат айылындагы «Максат-Сейтек» балдар бакчасы.

Бул окуу мекемелерин тез арада ремонттоп, талкаланган терезелерин алмаштырып, оккуу процессин уланта берсек болот. Бирок 2015-жылы эксплуатацияга берилген 200 бала окуган «Максат» орто мектебинин бир бөлүгү күйүп кетти. Ал мектеп капиталдык ремонтко муктаж» — деди.

Ошондой эле ал чек ара жаңжалынан билим берүү кызматкерлеринин турак үйлөрү да жапа чеккенин айтып, Баткен олбусу боюнча 29 педагогдун үйлөрү толугу менен өрттөлүп, 10 адамдыкы таланып – тонолуп, 3 үй аткылоо учурунда жабыркаганын кошумчалады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты