1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

  • 3 года мурун

1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

29-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди.

— 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;

— улуттук аза күтүү күндөрүндө өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн;

— улуттук аза күтүү күндөрүндө маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда,каза болгондордун саны 31ге жетти. Кыргыз-тажик чек арасында ар кандай жаракат алган 154 адам — ооруканада. Алардын 23ү — күч структураларынын аскерлери.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты