​Кыргыз жана тажик УКМК башчылары жолукту

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 30-апрелде кечке жуук «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» бекеттеринин ортосундагы бейтарап аймакта жолугушту.


Сүйлөшүүлөрдө эки өлкө ортосундагы чек арадагы кырдаалды турукташтыруу маселелери талкууланды.

Эки тарап тең аскердик техникаларын жана аскерлерин мурунку жайгашкан жагына алып кетүү, баардык маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү бүтүмүнө келишти.

Ошондой эле 1 — май күнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Жетишилген келишимдерди ишке ашыруу иши Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары жетекчилик кылган жумушчу топко жүктөлдү.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты