​Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19ду дарылоодо Ысык-Көл тамырынын (Aconítum soongáricum) колдонулушу боюнча расмий билдирүүсү

  • 3 года мурун

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстанда COVID-19 илдетин дарылоодо Aconítumsoongáricum колдонулушу боюнча маалыматтарга кылдаттык менен байкоо салууда.

Дары-дармектерди каттоонун, жалпы медициналык колдонууга чыгараардын алдында клиникалык иликтөөлөрдүн өткөрүлүшү сөзсүз жасалуучу этаптардын бири болуп эсептелет. Клиникалык изилдөөлөрдө жаңы дарынын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу дыкат текшерилет. Ошого негиздеп ыйгарым укуктуу саламаттыкты сактоо органы ал дарыны каттоо же баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алат. Клиникалык изилдөөлөрдөн өтпөгөн дары-дармектер катталбайт жана жалпы медициналык колдонууга чыгарылбайт.

Азыркы учурда ДССУнун COVID-19ду дарылоодо Aconítum soongáricum каражатынын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча маалыматы жок. Андай маалыматтарга ал каражаттын фармакалогиялык касиетин эл аралык коомчулукта таанылган стандарттардын алкагындагы изилдөөлөрдөн кийин гана ээ боло алабыз.

COVID-19 илдетин өз алдынча дарылоонун такыр кереги жок жана оорунун белгилери байкалса тезинен медициналык мекемелерге кайрылуу керек. ДСУ баардык коопсуздук эрежелерин жана аралыкты сактап, бет кап кийип, колду дезинфекциялап, COVID-19 дартын бекитилген протоколдор менен гана дарылоону суранат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты