Ыргал Кадыралиева депутат болот
- 3 года мурун
Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун үгүт өнөктүгү учурда элге бекер тамак тараткандыгы үчүн «Ак – Бата» саясий партиясынын талапкери Ыргал Кадыралиева шайлоодон четтетилген.
Бирок ал Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мындай чечимине макул эместигин билдирип, сотко кайрылган. Жогорку сот 14-апрель күнү Ыргал Кадыралиеванын доосун канааттандырып, талапкерлердин тизмесиндеги ордун кайрып берди. Нариман Түлеевдин «Ак-Бата» партиясынын 4-тизмеси менен шайлоого аттанган Ыргал Кадыралиева шаардык кеңештин депутаттык мандатына ээ болот. Алдын ала жыйынтыктар боюнча «Ак – Бата» партиясы шайлоочулардын 12,17 пайыз добушун алып, 9 мандатка ээ болгон.
Сүрөт интернеттен алынды
Муну бөлүшүү