​Шайлоочулар белги коюлган маска кийип жүрүшөт

  • 3 года мурун

Ош шаарынын №5278 шайлоо участогуна келген шайлоочулардын атайын белги коюлган масканы тагынып жүргөндүгү байкалган. Бул тууралуу Улан Канат уулу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан.

Андай маска тагынып жүргөн айрым шайлоочулардын айтымында, масканы “домком” тараткан.

Бизге масканы “домком” берген. Белгиси деле жок го”, — шайлоочулардын бири.

Кыргызстанда бүгүн 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Бул күнү өлкөдөгү 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге шайлоо пропорционалдык система менен өтөт, анда талапкерлер партиялык тизме аркылуу гана ат салыша алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты