​Бир канча саясий партия шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу арызын жазышты

  • 3 года мурун

Бүгүн Кыргызстандын аймагында Конституциялык референдумга жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өттү. Ага он тогуз миңден ашык адам катыша турганын БШК билдирген.

Бирок, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен бир канча саясий партия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазган.

Ал арызда «көрсөткүчтөрдүн кескин көтөрүлүшүнө жана добуш сатып алуулар болушунун негизинде добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылабыз» деп белгиленген.

Арыздын астына шайлоого катышып жаткан жети саясий партиянын өкүлдөрү кол койгон:

1.»Республика»

2.»Социал-демократтар»

3.»Улуу Журт»

4.»Ак-Бата»

5.»Кыргызстандын демократиялык кыймылы»

6.»Партия Патриот»

7.»Бүтүн Кыргызстан»

Мындан сырткары, «Реформа» жана НДПК партиялары да өзүнүн Фейсбук баракчалары аркылуу билдирүүлөрүн таратышкан.

«Бүгүн, 10-апрельде, добуш берүүчү жайлардан тышкары добуш берүү болуп өттү. Шайлоо учурунда добуш берүү купуялуулугу бузулуусу, добуш сатып алуулар, агитация жана басым менен коштолду. Бүт фактылар байкоочулар тарабынан документ түрүндө бекитилди. Биздин партия добуш берүүнүн жыйнтыктарын жокко чыгарылышын талап кылат. Учурда көпчүлүк партиялар кол койгон арыз даярдалып жатат», — дейт өз билдирүүсүндө «Реформа».

Белгилей кетсек, 11-апрельде өлкө аймагында Конституциялык референдум жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты