Айзаданын өлүмү: Милиция шектүү менен байланышкан

  • 3 года мурун

Издөө учурунда милиция кызматкерлери урдоого шектүү адам менен байланыша алышкан, бирок аны кайтып келүүгө ынандыра алышкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде, Бишкектеги маалымат жыйында борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелде эртең менен күбө кыз милицияга арыз менен кайрылып, үч жигит кызды унаага салып, белгисиз тарапка айдап кеткенин билдирген. Унаанын мамлекеттик номурлары орнотулган. Андан кийин, багыттар таратылып, кызматкерлер маршрутту табышкан.

«Унаанын ээсин таптык. Ал унааны февраль айынан бери ижарага берип жүргөнүн айтты. Ишеним каты жок. Андан кийин унаа берилген жигиттин өздүгү аныкталды. Бирок ал машинаны агасы айдап жүргөнүн айтты (ал каза болгон жигит). Аларды мейманканалардан деле издеп жүрдүк», — деди ал.

Жабырлануучунун апасы күндүзү кайрылган. Телефондоруна чала башташкан. Айзаданын телефону өчүк болгон.

«Саат 16: 10до Замирбек телефону иштеп, ал менен сүйлөштүк. Кыздын ата-энеси макул деп айттык. Ал кыз менен 4 айдан бери сүйлөшүп жүргөнүн, алар үйлөнгөнү жаткандыгын айткан. » Бул биздин иш, кийлигишпегиле» деп өчуруп койгон. Анан экинчи унааны издей бердик. Аталган балдар эч жерде жашаган эмес. Алар унаада жашап, таксиде иштеп жүрушкөн», — деп билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты