Ыктыярчы — маанилүү кесип

  • 3 года мурун

Юридикалык колдоону аймактарга жеткирүү долбоору

“Элдерге юристтин жардамы тууралуу айтсаң кээ бири маселеси чечилээрине көзү жетпейт, бирок, айрымдарынын маселеси ошол замат чечилет. Юрист десе эле консультацияга акча алат деп ойлошот. Бекер десең түшүнгөнү жүгүрүп барат, түшүнбөгөнүн колунан жетелеп алып баргандан кийин гана ишенишет. Кээде баламдын машинасына май куюп, өз каражатыма ташыган күндөр да болгон”.

“Элдерге юристтин жардамы тууралуу айтсаң кээ бири маселеси чечилээрине көзү жетпейт, бирок, айрымдарынын маселеси ошол замат чечилет. Юрист десе эле консультацияга акча алат деп ойлошот. Бекер десең түшүнгөнү жүгүрүп барат, түшүнбөгөнүн колунан жетелеп алып баргандан кийин гана ишенишет. Кээде баламдын машинасына май куюп, өз каражатыма ташыган күндөр да болгон”.

















58 жаштагы Айтбүбү апа БУУӨПтүн акысыз юридикалык жардам көрсөтүү программасында ыктыярчы

Айтбүбү Турдалиева Чүй облусуна караштуу Исмаил айылынын тургуну. 58 жаштагы пенсионер БУУӨПтүн акысыз юридикалык жардам көрсөтүү программасында ыктыярчы.

Пенсияга чыккандан бери айылдын ден-соолук комитетинде ыктыярчы жана жетекчилик кызматында иштеп келем, мындан тышкары райондук ден-соолук комитетин да карайм. Ден-соолук комитетинде жугуштуу эмес оорулардын алдын-алуу боюнча атайын окуудан өтүп, денсоолук менен эле чектелбей ар кайсы айылдын көйгөйлөрүн айылдык кеңеш, аксакалдар соту, жергиликтүү активисттер менен ортого салып, чечүү жолдорун издейбиз. Айылдагы келиндерди, окуучуларды жугуштуу ар кайсы оорулардан алдыналуу боюнча окутуп келе жатабыз.

Карылыкты иш менен жеңем

















Айтбүбү эже башка пенсионерлердей болуп, үйдө небере багып отуруп калбастан, коомго пайда алып келип, тынбай окуп, алган билимин башкалар менен бөлүшүүнү максат кылат.

Үйдө алты небере багам. Келиним дарыгер, райондук ооруканада иштейт, күнүгө жумушта. Ал жумушка кеткенде балдар менин мойнумда. Эртең менен эки неберемдин чачын өрүп, тамагын берип мектепке жиберем, түштө дагы үчөөнү мектепке даярдап жөнөтөм, бир неберем менен үйдө калам. Келиним жумуштан келгенде ар кайсы айылдыктардын көйгөйүн чечкенге аракет жасайм. Кээде зарыл иш чыгып калса, балдарды чоң атасына каратып койгонго туура келет. Иши кылып келиним экөөбүздүн күн тартибибиз алдын ала сааты менен пландалган, ар кимибиздин өзүбүзгө тиешелүү функциябыз бар.

Карыдык, ардактуу эс алууга чыктык деп эле үйдө отура берген туура эмес деп ойлойм. Бизди БУУӨП бекер окутуп, билим берип жатса, сен болсо ошол билим аркылуу элжуртка пайда алып келип тургандын эмнеси жаман? Ыктыярчы десе, акча төлөбөйт экен деп көптөр иштегиси келбейт, ал эми бизде болсо жоопкерчилик бар. Керек болсо мени өз үйбүлөм тамашага салат, “акча төлөбөсө деле бекер иштеп жүрө бересиң деп. Ишиңдин жыйынтыгын көргөндө, бирөөнүн көйгөйү чечилгенде көөдөнүң толуп сүйүнөсүң.

Мисалы, БУУӨПтүн адистери “Айыл айымдары” долбоорунун алкагында аялдардын, балдардын укугун коргоону, толеранттуулукту, стереотиптер менен күрөшүүнү, айтор учурда коомдо болгон көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүүнү окутушту.

“Долбоордун алкагында бекер юридикалык жардам көрсөтүлөт, менин милдетим ошол юридикалык жардам тууралуу айылдыктарга айтып берүү, маалымат менен бөлүшүү, анткени биздин жарандардын көбү өз укуктарын билишпейт, кээ бир өздөрүндө болгон маселени айтуудан тартынышат. Ал эми ал маселелереге убагында көңүл бурулбаса ырбап кетип, өз жанын кыйганга чейин баргандарды да көрүп жүрөбүз”.

















Укуктук маселеси чечилип, жүгү жеңилдеген адамдарды көргөндө сүйүнөм.

“Азыр эмне көп, ажырашуу көп, 56 жыл мурун эркектер үйбүлөсүн таштап кетчү эле, азыр болсо келиндер каңгып, балдарын күйөөсүнө, тай ата, тай эне, чоңата, чоңэнелерине калтырышууда. Балдар көрүнгөндүн колунда багылып жатат. Миграциялап жүрүп жаңы турмуш куруп алганы канча?!”

Ажырашкан үй-бүлөлөрдө алимент деген бар, аны кантип төлөтүш керектигин көбү билишпейт, кантип юридикалык жардам алыш керектигинен кабары жок. Кээ бири алиментти талап кылгандан да коркот. Кыргызда жазылбаган мыйзамдар бар да, кепке-сөзгө калам, уят деп алимент төлөткөндөн баш тартып жүрө беришет, ал эми алимент маселеси мыйзамда так көрсөтүлгөндүгү менен эч кимдин иши жок.

















БУУӨП бекер юридикалык жардам көрсөтүү үчүн ар бирибизге ондон талон берген, мага караштуу участокко талон жетпей калган. Баш аягы 30 дан ашык кишиге юридикалык жардам көрсөтүлдү.

Өз моюнума коомдук жоопкерчиликти алгам

“Мисалы мага бир келин ыйлап келди, анын агасы ооруканада каза болуптур, бирок, доктурлар анын 8 миң сомун алып коюшкан экен. Бул суроо менен юристке кайрылсак, анын телефон чалуусунан кийин эле акчасын дароо кайрып беришти”.

















Мага Кыргызстанымдын келечеги, неберелеримден да маанилүү. Артты көздөй жол жок!

“Мындай тез чечилген иштер толтура. Чечиле элеги дагы бар. Мисалы, мен курактуу бир аял кызынын үч баласын багат. Ал балдардын атасы кытай жараны. Убагында ал биз жакка иштегенге келип, ошол аялдын кызы менен баш кошушуп, үч балалуу болушат. Кийин экөө ажырашышат, атасынын дайыны жок, энеси башка турмуш куруп кеткен, балдар тай ата, тай энесинин колунда калышкан. Балдардын фамилиясы кытайча. Мектепте окушат бирок, чоңкичинесине карабай баары аларды шылдыңдашат экен. Муну уккан балдарга боорум ооруйт. Фамилияларын кыргызчага которуп бергиле деп юристтерге кайрылып, азыр иш жүрүп жатат. Энесинин фамилиясына өтүп, маселе оң жагына чечилип калса экен деп үмүттөнүп жүрөм”.

“Алдуу кезимде ушинтип керегимди тийгизип, билимим менен бөлүшүп турам. Айылдагы аялдардын көбү жумушсуз, үйтүйшүгүнөн бошобой, жашоосу ошол менен эле өтөт. Ал эми мындай бекер билим алып, жардамым тийип турганы жакшы да”.

Эмгегимди мамлекет баалап, ар бир майрамда ардак грамота беришет, болгон сыйдын баарын көрүп келе жатабыз.

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөт: Руфат Эргешов, Мээрим Субанкулова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты