​ТИМдин кызматкери вакцинадан улам каза болгону тастыкталган эмес

  • 3 года мурун

Социалдык тармактарда тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцинациядан улам каза болгондугу тууралуу маалымат тараган.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты тактап көрдү.

Бахтияр Шакиров, 1-апрелге караган түнү, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарыларын көтөрүп барып, ийне сайдыргандан кийин көз жумган. Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова Фейсбук баракчасына маркумдун жакындарына шилтеме кылып, Шакиров COVID-19 илдетине каршы вакцина алганын жазган.

“Кечээ кайтыш болгон жарандын өзүнүн өнөкөт оорулары болгон экен”

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев редакциябызга бул маалымат тастыкталбаганын айтты: “Кечээ кайтыш болгон жарандын өзүнүн өнөкөт оорулары болгон экен. Судмедэкспертиза азыр өлүмдүн себебин изилдеп жатат. Алардын алдын ала айткан маалыматына караганда аталган жарандын жүрөк-кан тамыр оорусу бар болгон. Ал ковидге каршы вакцина алганын тастыктаган маалымат жок”, — деп жооп берди.

Ошондой эле Камчыбек Узакбаев каза болгон жарандын Шакиров Бактияр экенин тастыктады.

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, аталган окуя боюнча түшүндүрмө берип жатып, Бахтияр Шакировдун коронавируска каршы эмдөө алгандардын электрондук тизмесинде жок экенин билдирген:

“2-апрель күнү коронавируска каршы эмдөөнү 417 киши алды. Иммунизациядан кийин, ден соолукка зыян келтирилген олуттуу учурлар катталган эмес. Ал эми, социалдык тармактарда Жал ооруканасында эмдөөдөн кийин каза болду деген маалымат боюнча Республикалык Борбор төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин 24-февралда кабыл алган №226-буйругуна ылайык, эмдөөдөн өткөн жарандарды каттаган электрондук система түзүлгөн. Ал эми, вакцинациядан кийин каза болду деген жаран электрондук системада катталган эмес”, — деп билдирди.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, Ленин райондук милиция бөлүмү иликтеп жатканын айткан.

Жыйынтык: Бактияр Шакировдун коронавируска каршы эмдөөдөн кийин каза болгону тастыктала элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты